14-июлда Суперкубок үчүн Оштун "Алай" жана Бишкектин "Дордой" клубдары беттешти. Эсеп 2:1 болуп, бул ирет "Дордой" жеңишке жетти. Футболдук беттеш Ош шаарындагы Сүйүнбаев стадионунда орун алды.
"Дордой" клубуна жеңиш алып келген голдорду Эрнист Батырканов менен Артур Валикаев аткарышты. Ал эми "Алай" клубунун голун Мирбек Ахматалиев жаратты.
Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу буга чейин 7 жолу өткөрүлүп, 3 жолу "Дордой", 2 жолу "Алай" жана 1 жолудан "Нефтчи", "Абдыш-Ата" клубдары жеңүүчү аталган. Суперкубок өлкө чемпиондугун жана кубогун жеңип алган командалардын арасында ойнотулат.