Ырчы Мирбек Иманбековдун бир тууган агасы сууга чөгүп каза болду. Бүгүн, 15-июлда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгонун айткан ырчы буларга токтолду.
"Бир тууганымды жоготконума дагы деле ишене албай турам. Агам үй-бүлөсү менен Талас шаарында жашачу. Үйүнөн анча алыс эмес жерде суу бар экен. Дайыма эле ошол сууга түшүп жүрүптүр. Кырсык болгон күнү дагы сууга түшкөнү барыптыр. Агамдын жансыз денесин 1-2 бала көрүп, суудан алып чыгышкан. Жанында эч кандай документтери болбогондуктан алар милицияга кабар беришкен. Милиция кызматкерлери бизге маалымдашты. Айыл аксакалдары менен кеңешип агамдын сөөгүн бүгүн, 15-июлда туулуп-өскөн айылыбызга жерге берип келдик", - дейт ал.
Ырчынын агасы Кылычбек Иманбеков 1978-жылы туулган. Анын артында жубайы жана 2 баласы калды.
10-июлда Талас шаарынын Жетиген аймагынан жашы болжол менен 40-45теги эркек кишинин жансыз денеси табылып, жакындары изделип жатканы маалымдалган.
SUPER.KG порталы Мирбек Иманбековго жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.