
Башкортостанда 5 айлык наристе уктап жаткан жеринен тумчугуп чарчап калды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 13-июль күнү Урман айылындагы үйлөрдүн биринде орун алган.
"5 айлык наристени ата-энеси уктоочу бешигине жаткырып чыгып кетишкен. Арадан көп өтпөй наристе бети менен жаздыкты карап, кыймылсыз абалда жатканын көрүшкөн. Окуя болгон үйгө тиешелүү кызматтын кызматкерлери келип, наристенин денесинен эч кандай кыйноо белгилерин тапкан эмес. Адистер наристе көмкөрөсүнөн түшүп, кайра бурула албай калып тумчугуп калган деген тыянакка келген", - деп айтылат маалыматта.