"Ибарат" ансамбли Өзбекстанда өткөн эл аралык музыка фестивалында баш байгени алды

Кыргыз өлкөсүнүн "Ибарат" ансамбли эл аралык музыка фестивалында 3 жарым миң доллар баш байгени жеңип алды. Мындай маалыматты Бишкек мэриясынан кабарлады.

Белгилүү болгондой, "Улуу Жибек жолу" музыка фестивалы Өзбекстандын Маргалаң шаарында 11-юлдан 13-июлга чейин өткөн. Аталган иш-чарага 20 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Фестивалдын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнөн барган топ жеңүүчү деп табылган.

"Улуу Жибек жолу" музыка фестивалы биринчи ирет Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин демилгеси менен өттү. Иш-чаранын максаты фольклорду үйрөнүү, жайылтуу, эл аралык кызматташууну жакшыртуу.

"Ибарат" фольклор ансамбли №6 искусство мектебинин окуучуларынан түзүлгөн топ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан