"Күн ыссыккы..." 2 күндөн кийин өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт

Баткен облусунда абанын температурасы +40 градуска чейин жетүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргызгидрометтен билдиришти.

Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланган маалыматка таянсак, Ош шаарында абанын температурасы +40 градус, Жалал-Абад, Бишкекте, Кара-Суу, Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында +38 градуска жетти.

"Бүгүнкү күнү абанын температурасы Чүй, Баткен жана Жалал-Абадда +37... +38 градуска жетүүдө. 17-июлда күндүзү Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Ошондой эле 18-20-июлга чейин Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Чолпон-Атанын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жашы күтүлүүдө", - деп билдиришти Кыргызгидрометтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurtilek06
2019-07-15 21:13:02
Кун аябай ыссып атат жада калса тункусун аба жок ,мындай убакта жайлоодо эс алсан кандай соонун
+5
Flowhive
2019-07-15 22:33:05
Сууктан көрө ысык жакшы
0
barakcha
2019-07-16 13:43:45
Соонун!Жайдын жайдай эле болгону жакшы.Аллахка шугур...
+2
Omush94
2019-07-16 16:59:34
Кыргызгидрометтин сайттынын шилтемесин да чыгаргылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан