Elite House компаниясы аймактарды багындырууда

10-июлда Жалал-Абад шаарынын борборунда Elite House курулуш компаниясынын өнөктөштөрүнүн соода жана эс алуу жайы ачылды. Дал ошол жерде компаниянын жаңы сатуу кеңсеси ишке киришти. Бул жерде кесипкөй адистер, кыялыңыздагы батирге жетүүгө жардам берет. Буга чейин компаниянын кеңселери Бишкек шаарында гана жайгашып, алыскы аймактардан келген кардарларды тейлөө ыңгайсыз болгон.

Аймактарды багындыруу бекеринен Жалал-Абаддан башталган жок. Чыныгы чыгыш шаарынын көркөм өрнөгү болгон Жалал-Абадда жашоонун деми өзгөчө сезилет. Бул жерде меймандос калк конокторун кайталангыс даамдары менен тосуп алат. Өрүк-бадамдын, аш менен ысык нандын жытына мас кылган шаар быйыл 142ге толду. Дал ушул көчөлөрдө Elite House компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин балалыгы өткөн, ошондуктан киндик каны тамган жеринде аймактарды багындырууга алгачкы кадамын таштоону туура көрдү.

Компаниянын алдыга койгон максаттары чоң жана көптөгөн кызыктуу долбоорлорду камтыйт. Жаш муундарга бизнес билимдерин берүү менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуу. Жалгыз эле борбор шаарда эмес, аймактарда да ыңгайлуу, эл аралык сапаттагы комфорт жана премиум класстагы үйлөрдү куруу да максаттардан бири. Азырынча Фергана өрөөнүндө туруп, Бишкектеги батирлерди сатууга жол ачылды.

Компания өзүнүн социалдык жоопкерчиликтүү, ачык жана элге пайдалуу ишин уланта бермекчи. Сиздерди биздин сатуу борборлорубузда чыдамсыздык менен күтөбүз.

Кеңселерибиздин дареги: Бишкек шаары: Абдрахманов көчөсү 170/1, «Ордо бизнес» борбору, Ибраимов көчөсү 115 «Дордой Плаза» борбору, Аалы Токомбаев көчөсү 23/5, Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү 40 «Плаза» борбору.

Elite House – коопсуз, престиждүү, ыңгайлуу!
www.elitehouse.kg


кошулду
Elite House компаниясы аймактарды багындырууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан