Украинада тойго барган 39 адам тамакка ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү кафелердин биринде өткөн үйлөнүү үлпөт тойго жалпысынан 100дөй адам барган. Тойдон кийин ичтери катуу ооруп, 39 адам ооруканага кайрылган.
"Жабыркагандардын ичинен 8и кичинекей балдар болгон. Учурда жабырлануучуларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Той өткөн кафеде тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.