Балыкчы шаарында мас болгон эс алуучу таанышын бычактап салды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында мас болгон эс алуучу чырдаша кетип, таанышын бычактап салды. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 5-августта саат 01:00 чамасында Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруучу бөлүмүнө оор жаракат алган Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Б.Бейшенбек келип түшкөн. Балыкчы ШИИБинин кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Д.Нурсултан кармалды. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан