Дайынсыз жоголгон Казак жараны табылды. Ал скутерди ижарага алып, Ысык-Көлдүн түштүк жээгине айдап кеткенин айтты

Ысык-Көл облусунда скутер менен жоголгон Казакстандын жараны М.Аркадий табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалым болгондой, ал бүгүн, 16-июлда "Алтын-Көл" эс алуу жайынын каттоо бөлүмүнө келди. М.Аркадийдин айтымында, ал скутерди ижарага алып, көлдүн түштүк жээгине айдап барганда, ошол жерде скутер чөгүп кеткен. Ал такси менен кайра түндүк жээгиндеги аталган эс алуу жайына келгенин айтып берди. Бул иш боюнча М.Аркадий жергиликтүү милиция бөлүмүнө чакырылды.

53 жаштагы М.Аркадий 14-июль күнү дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылган. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлгөн. Андан сырткары ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tolkun555
2019-07-16 23:08:54
Сатып жиберген болуш керек
+19
Nevestkaa
2019-07-16 23:11:00
Tolkun555,сатып жиберди да болбосо өзү деле чөкмөк.200дөн ашуун адамды убара кылып темселеп өзү келгенин.
+16
Aza17
2019-07-16 23:54:37
Жакшы тируу табылыптыр. Колдогу коопзудук кызматын, ИИМ кызматын сыноодон откоруп текшерип коройун дегенго.
Скутерди ижарага берчуулордун эсине! Коопсуздук учун ар бир скутерге GPS датчик орнотуп койгула чогуп кетеби уурдап кетеби мониторинг жургузуп байкап тургула. Ижарага берип акча алганды билесинер. коопсуздукту да карагыла!!! 200 кишини тентитбей.
+21
Aza17
2019-07-17 02:30:26
Сатып жиберсе деле чоктуруп жиберсе деле балли жашасын.
Кайыкты чокбойт деп эчким кепилдик бере албайт! Суудун ортосунда чогуп баратсан GPS. SOS баскыч жок болсо кимди кантип жардамга чыкырасын?
Скутерди ижарага берип акча алганды билет GPS датчик, SOS жардамга деген коопсуздук кызматын орнотууну билбейт.
Кантсе да Колдогу коопсуздук кызматын денгээли томон экенин коргозду. Иш жузундо дали деп берди.
Кудай сактап тируу табылды. Кокус чогуп кетсе кеминде 1/2 жума издешмек.
+5
bond02
2019-07-16 23:24:14
Кайра колго озун кое бериш керек да скутерди таап кел деп.
+15
erlist
2019-07-16 23:41:52
bond02,тап дебей эле жаны скутер апкелип туруп анан кетесин деш кк
+12
asdef
2019-07-17 00:50:50
Толосун расходдорду
+10
ayana16
2019-07-17 02:46:00
Силерге скутер керекпи же адамдын омуру кепекпи??
+6
erlist
2019-07-17 18:14:24
ayana16,экоо тен керек,бироонун скутерин эмнеге айдап качат анда
0
Altyn2017
2019-07-17 11:40:07
Походду Соке братда Атамбаевди камай албай калды окшойт чын эле Путин брат бирдеме деген окшойт Аша камалыш керек.
+2
taalay25
2019-07-17 13:47:37
Altyn2017,при чем гул, при чем булбул дегендей при чем Путин соке аша?
+1
senchi
2019-07-17 13:58:24
Кыскасы Казактар бизди ойноттуда
+1
senchi
2019-07-17 13:59:58
Ошол чогуп кеткен жерине алып барып корсотсун скутерди тапсын суу астынан
+2
TIMON_BERKOWITZ
2019-07-17 17:02:05
Кебетесинен көрүнүп турат, да пропил он скутер!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан