Ушул жылдын июль айынан тартып өлкө боюнча бала төрөлгөндө берилүүчү сүйүнчү пул алуунун жолу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын башынан бери 71 915 балага сүйүнчү акча төлөп берилген.
Жөнөкөйлөтүлгөн механизмге ылайык мекемелер аралык маалыматтарды алуу боюнча бардык процесстер автоматташтырылган.
Эмгек министрлиги, мамлекеттик каттоо кызматы, калкты каттоо кызматы жана банктын ортосундагы маалымат алмашуу оңой болуп калды. Балага сүйүнчү алуу үчүн арыздарды жарандык актыларды каттоо бөлүмү, калкты тейлөө борборлорунда кабыл алынып, андан соң эмгек министрлигине жөнөтүлөт. Кийин банк аркылуу акча каражаты которулат.
Жаңы системге ылайык кайрылган жаран банкта эсебин ачпаса да болот. Азыр банктар транзиттик эсептерди ачкандыктан толук автоматташтыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Сүйүнчү пул алууга кайрылган жаранга каражат эсебине түшкөнү тууралуу СМС билдирүү жөнөтүлөт. Арыз жазгандан кийин эки жумушчу күндө сүйүнчүнү банктын бардык филиалынан алуу мүмкүн.