Бүгүн, 17-июлда Куала-Лумпурда Азия футбол конфедерациясы тарабынан "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын экинчи баскычынын чүчү кулагы өткөрүлөт. Анда Азиянын 40 курама командалары ФИФАнын рейтингине ылайык 5 корзинага бөлүнгөн.
Кыргыз курама командасы 2-корзинада жайгашкан (бул корзинадагы командалар бир тайпага түшпөйт). Командалар жалпы 8 тайпага бөлүнөт.
Биринчи корзина: Иран, Япония, Корея, Австралия, Катар, БАЭ, Сауд Арабия, Кытай
Экинчи корзина: Кыргыз өлкөсү, Ирак, Өзбекстан, Сирия, Оман, Ливан, Вьетнам, Иордания
Үчүнчү корзина: Палестина, Индия, Бахрейн, Таиланд, Тажикстан, Түндүк Корея, Тайбэй, Филиппин
Төртүнчү корзина: Түркмөнстан, Мьянма, Гонконг, Йемен, Ооганстан, Мальдив аралдары, Кувейт, Малайзия
Бешинчи корзина: Индонезия, Сингапур, Непал, Камбоджа, Бангладеш, Монголия, Гуам, Шри-Ланка
Тайпалык оюндардын мыкты 12 командасы (тайпалардын 8 жеңүүчүсү жана 4 мыкты 2-орун алган командалар) 2023-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алышат жана Дүйнө чемпиондугуна чыгуу үчүн күрөштү улантышат.