Чүйдүн Чоң-Арык айылында эркек киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чоң-Арык айылынын Бишкек көчөсүндө жайгашкан үйдүн тургуну үйүнүн чатырына чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар үйдүн эшигин ачып, эркек адамды сактап калышкан. Ал эми жаран ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Бул окуяга 5 куткаруучу тартылган.