Энергетика министри: "Добуш берүү аяктагандан кийин шайлоо участкаларында жарык өчүрүлбөйт"

Энергетика министри Автандил Калмаматов добуш берүү аяктагандан кийин, башкача айтканда, саат 20:00дөн кийин шайлоо участкаларында жарык өчүрүү болбоорун айтты. "Добуш берүү аяктап, шайлоо участкаларында добушту саноо процессинде жарык берүү өчүрүлбөйт. Ар бир шайлоо участкасында мындай маселенин алдын алуу боюнча адистер иштеп жатышат. Ал эми айрым партиялардын "шайлоого тоскоолдук жаратыш үчүн электр зымдары кесилип, жарык өчүрүлөт" деген маалыматтары жалган",- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан