Түштүк Кореянын өкмөт башчысы Бишкекке келди (фото)

Түштүк Кореянын премьер-министри И Нак Ён расмий иш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, "Манас" эл аралык аэропортунда аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Кореянын премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде 50дөн ашуун корей компаниясынын катышуусунда эки кыргыз-корея бизнес-форумун, "В2В" түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстиль өнөр жайы, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Кореянын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан