"Амир Аскаров сындаганды коюп, ошонун деңгээлине жетип алсын". "Кеңеш" тобу менен ырчы Амир Аскаровдун чыры

"Кеңеш" тобу менен Амир Аскаров социалдык тармак аркылуу бири-бири менен кайым айтышууда. Алардын мындай пикир келишпестигине ырчы Амир Аскаровдун маеги себеп болгон. Тагыраагы, ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде маек берип жатып "Кыргыз шоу-бизнесиндеги кайсы музыкалык топ жакпайт?" деген суроого "Кеңеш" тобу деп жооп берген.

"Кеңеш" тобу маектин ошол жерин кесип алып социалдык тармакка жүктөп, өздөрүнүн оюн калтырган.

"Бул жигит ырчыбы, ким экенин билбейбиз. Бирок ушул видеону кыздар "сиздин оюңуз кандай?" деп жиберишиптир. Амир Аскаров, бир акырдан жем жейбиз. "Карга карганын көзүн чукубайт" дечү эле кыргызда. Биз сени эми көрдүк. Ырчы болсоң кулагыңа түйүп ал. Мүзүр Мамбетов "Кеңеш" тобунун жетекчиси, көптөгөн кыргыз элинин жүрөгүнө жеткен 50дөн ашык ырларды жаратты. Сахнага чыгып ырдаганыбызда эл кошо ырдады. Концерттерибизде эл батпай калган. Элдин тойлорунда кызмат кылдык. Кичинекей талантыбыз менен эл, жерди көрдүк. Бирок сага окшоп көз айнекти тагып алып орус эмес же кыргыз эмес болуп бирөөнү жагат, жакпайт деп сындабадык. Ойлонуп сүйлө, эртең эле ассалому алейкум деп сахнадан кезигип калабыз. Жакпасак ичиңе сакта, бир тууган. Булар жакпайт десең эле популярдуу болуп кетпейсиң", - деген.

Бул билдирүүдөн кийин Амир Аскаров дагы өзүнүн оюн интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Анда ырчы: "Легендарлуу топтун жетекчиси Мүзүр, мен таанымал эмес жигит болсом, анда менин деңгээлиме эмнеге түшүп жатасыңар? Мен өзүмдүн жеке оюм менен бөлүшө кетейин. Адамдар баарына эле жага бербейт. Жагайын деп аракет дагы кылбайм. Анткени мен Амир Аскаровмун. 10 жылдан бери сахнада жүрсөңүздөр, анда сиздерди кезиктирбептирмин. Мындан кийин дагы кезикпейбиз деп ойлойм. Менин өзүмдүн угармандарым, силердин өзүңөрдүн угармандарыңар бар. Жеке оюм дагы бар.

Мен силер аркылуу өзүмдү пиарлап жатат десеңер тынчтангыла. Мен өзүмдүн чыгармачылыгыма 100 пайыз ишенимдүүмүн. Кимдир бирөөлөрдү мазактап хайп жаратуу мага кызыксыз. Мени түшүндүңүздөр деп ойлойм. Чыгармачылык ийгилик!" - деген.

SUPER.KG порталы окуя боюнча "Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира айымга байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Негизи мен Амир Аскаровду тааныбайм. Мүзүр атын эле угуп жүрчү экен. Биз видеону чогуу көрдүк. Бирок социалдык тармакка мен чыгарып, ырчыларды эл таразалап, эл сындай турганын жаздым. Бизге деле жаккан, жакпаган ырчы бар. Бирок эл адамы болгондуктан андай ойлорубузду ичибизде калтырып, коомго чыгарбайбыз. Улуу сахнанын канчалаган кыйындары айтпаган сынды кечээги эле бала айтып чыкты. Ошондон улам бири-бирибизди сындаганды токтотолу деп эле айткым келген. Амир Аскаров журналист берген суроого жооп бердим, кечирип коюңуз дегендин ордуна кайра кайым айтышты. Ал буга чейин Дайыр Исмадияровду сындаптыр. Мен Амирге айтар элем, биринчи Дайырдын деңгээлине жетип ал", - деди топтун ырчысы.

Ал эми Амир Аскаров музыкалык топту мазактабаганын, болгону жеке ою менен бөлүшкөнүн айтат.

"Мен "Кеңеш" тобу жакпайт деп койгонум үчүн кечирим сурашым керек бекен? Ырчылар элдин катарына кирбейби? Мен ал жерде болгону берилген суроого жооп берип, өзүмдүн оюм, позициям менен бөлүштүм. Ал жерде топту жамандап же сындаган жокмун", - деген оюн айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
adiaza
2019-07-19 00:49:19
Эгер мен чынын айтсам Амир Аскаров дегенди тааныбайт экем Кенеш тобун тааныйм
+9
Avrora2017
2019-07-19 01:14:06
Кенеш тобун коптон бери тааныйм мендагы а Амиринерди биринчи угуп атам чынын айтсам эмне деген ырлары бар экен мунун
+9
Stervashka
2019-07-19 01:33:09
Сирень гулууууу,эн жакшы коргон ырларымдан!
+8
daniel87
2019-07-19 01:33:14
Амир окуп жатсан тушун кара пиар дагы пиар деген нерсенди токтот!сылык сыпаалыкты,улууга урматты ,кичууго ызатты ,каерде кантип суйлошту билбесен уйрон ,озундун коллеганды ошентип айтканга кантип журогун акылын барды ???ыйман ынсап берсин ,андан Коро жакшы чыгармаларды жазып ырларын менен эллин эсинде кал!ызы чуу бала атыкпай
+9
Bishkek
2019-07-19 01:59:43
Мен Кенеш тобун ырлапын барын жактырам, булар эч кимге зычны тийген эмес, бул Амир дейсинер аны таныбайт да экем, эл таныбаса кимге тийшерин билбейм ушунтип атын чыгарып атканго,
+12
Shokoladka94
2019-07-19 06:06:56
Амир өз репертуарында
0
Kanday-anan-janym
2019-07-19 06:38:38
Бул ырчы болумуш ким?Хит болгон ырлары барбы? ХХХХХ бетин тытат болуп,кайра тең айтышыптырго бул бала.Капа болбого бирок сенин ата энең берген тарбия мага жакпады.БУЛ МЕНИН МНЕНИЯМ.Сен өзүң айткандай.
+7
Take_men
2019-07-19 07:26:44
Охоо ыссыкы го комменттер. Амир деген чыт курсак бар экенин эми уктум. Кеңеш тобу аздыр көптүр сахнада жүрүп элге жаккан ырлары көп
+8
Alin16
2019-07-19 10:41:44
Амир Мырза, эгер сиз маданияттуу, акылдуу, денгээлиниз бийик болсо, эч качан бироону жагат жакпайт деп айтпайт болчусуз.Бул менин жеке оюм.
+2
Sabyr_Baymatov
2019-07-19 11:40:58
Чын жүрөктөн баары бир
+1
raykray
2019-07-19 11:53:54
Амир ХХХХХ болуп! Бироо мн не ишим бар деп жашачы?!
+1
Muslim.azamatovich
2019-07-20 02:11:13
Жакпаса жакпайт дейтда,,ага чычалабай эле коюшпайбы. Баарыбызга эле жакпаган белгилуу адамдар барда,чынбы?оз оюн ачык айтыптыр.Азамат!!!
0
noeli
2019-07-20 08:51:44
Амир ким билбейм го бирок " Кенеш"тобу да болбогон бир топ.Только топ,ырчы катары,адамдык сапаты ,журум туруму норма эле инсандар бирок оздору.
0
karabet
2019-07-21 18:48:55
Кенешти жактагандар баарынар айылдыксынар.
Кенеш озу да айыл, ошон учун сизге кенеш жагып жатат.
Амир шаардык бала. Ошон учун силерге жакпайт ал.

Адамды айылдан чыгарыш оной, бирок айылды адамдан чыгарыш кыйын
-1
nazira1989
2019-07-21 23:35:19
Чыр бала,чыр бала,ортобузда биздин бир бала!
Чыр бала,Амир деген бизде бир бала!!!...))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан