Кыргыз Республикасынын өкмөтү машыктыруучулардын эмгек акысын 50 пайызга, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын 20 пайызга көбөйттү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
"Акыркы жылдары спортчулардын эл аралык спорттук аренадагы жыйынтыктары ийгиликтүү болууда. Бул машыктыруучулардын, спортчулардын, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин талыкпаган ишинин жемиши" деп айтылат маалыматта.
Кабыл алынган токтом 1500дөн ашуун машыктыруучулардын, дене тарбия жана спорт мекемелеринин 400гө жакын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтөт.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы №554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому кабыл алынды. Бул токтом спортчулардын эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн стипендия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн оптималдаштырууга багытталган.