Александр Крестинин: "Ар бир оюнда күрөш жүргүзөбүз"

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарындагы чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча өз пикирин билдирди.

"Ар бир оюнда күрөш жүргүзөбүз. Кандай кырдаал болбосун өз оюнубузду жүргүзүп, оор кырдаалдарда да багынбай турганыбызды көргөзүп келгенбиз. Командабыздын жеңишке умтулган мүнөзү бар. Эң болбоду дегенде биздин тапшырмабыз 2023-жылкы Азия Кубогуна чыгуу. Бардыгы колубуздан келет, күчүбүзгө ишенебиз. Футболдо мүмкүн эмес деген нерсе жок" дейт Крестинин.

"Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү "F" тайпасына жайгашкан. Бул тайпага Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
elb_2121
2019-07-18 15:21:52
Катарда чемпион болобуз буйруса дуйно тан калсынчы
+5
Tai19
2019-07-18 16:17:01
Буйруса чыгабыз 2022ге да
+4
Tai19
2019-07-18 16:17:28
Дуйно тан калсынчы бир
+3
Altyn2017
2019-07-18 16:50:53
Тажикстан Мьянма Монголияны утса болот а Японияны утуш кыйын бирок катуу аракет кылып бир сенсация жаратсак болот эмнеге болбосун футболдо баарын күтсө болот.
+3
kanat1984
2019-07-18 19:33:15
Кыргыз эли жакшы стадионго жетпедикко. Жакшы умут кылалы жакшы кундор алдыда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан