Бүгүн, 6-августта Жогорку Сотто "ата журтчу" 3 депутат боюнча кезектеги соттук отурум уланууда. Сот процессине депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов келген жок. Башка жактоочулар жана айыпталуучулар Айткуловдун ооруп жатканына байланыштуу келбегенин айтышып, соттук отурумду башка күнгө жылдырууну суранышууда. Ал эми жабырлануучулар буга каршы чыгып, "соттук отурум атайын жасалган жол менен созулуп жатат" деген пикирлерин билдиришти. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочулар дагы каршы пикирин билдиришип, тараптардын келбей калышы менен соттук отурумду токтотуунун зарылчылыгы жок экенин айтышты. Тараптардын пикирин уккан соттук отурумдун төрагалары чечим чыгаруу үчүн кеӊешүү бөлмөсүнө кирип кетишти.