Кыргыз спортчулары жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда 5 медаль жеңишти

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 5 медаль жеңишти. Мелдешке жалпы 7 спортчубуз катышкан.

Муртазали Муртазалиев 85 килограмм салмак ченинде 7 беттеш өткөрүп, финалга чейин жеткен. Анда БАЭден келген спортчуга жеңилип, күмүш медаль тагынды.

77 килограмм салмак ченинде Азия оюндарынын жеңүүчүсү Төрөкан Багынбай уулу да финалга чейин жетип, тилекке каршы, корей спортчусуна утулуп калды.

Ошондой эле Абдурахман Муртазалиев 85 килограмм салмак ченинде, Далер Марасулов 69 килограмм салмакта жана Руслан Сагдаев 94 килограмм салмакта коло байгеге ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан