Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичиндин командасы быйылкы сезондогу Европа Лигасында утулуп калды.
"Динамо" Минск командасы Европа Лигасынын биринчи квалификациялык беттешинде латвиялык "Лиепая" менен кез келген. Биринчи оюн Латвияда өтүп, 1:1 эсеби менен аяктаган. Жооптук беттеш 18-июлда өтүп, Минскте "Динамо" 1:2 эсебинде жеңилип калды. Жыйынтыгында Кичиндин командасы Европа Лигасынан четтеди.
Валерий Кичин бул оюндарга катышкан эмес. Ал "Динамо" Минск менен 13-июлда келишим түзгөн.