КИНОЗАЛ: Жаңы тасма! Улуттук оюн, каада-салттарды жана кыргыз тилин үйрөнүү үчүн лагерге келген балдардын турмушун баяндаган "Айыл кэмп" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү актёр Жеңиш Майрамбек уулунун "Айыл кэмп" кинокомедиясы менен толукталды. Тасманын продюсери Эркин Рыскулбеков.

Фильм 2017-жылдын жай мезгилинде Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан Чуңкурчак жайлоосунда тартылган. Тасманын кыскача мазмуну: жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүргөн Акыл аттуу жигит мыкты бизнес-план түзөт. Ал шаардык балдар үчүн айылдагы үйүнө этно лагерь ачат. Ата-энелер балдарын кыргыздын элдик ырларын, улуттук оюн, каада-салттарын жана кыргыз тилин үйрөнүүсү үчүн лагерге беришет. Бирок шаардык балдар айылдын жашоосуна көнүп кете алышабы? Буга жоопту тасмадан ала аласыздар.

Жеңиш Майрамбек уулу тасманын сценарийин казактар сатып алганын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

"Биздин фильм чоң экранга чыккандан кийин казактар сценарийди сатып алышты. Учурда алар тасманын экинчи бөлүгүн тартып жатышат. Биз деле улантсак болмок, бирок эл тасманы кинотеатрдан эмес интернеттен көрүшөт экен. Албетте, мындай учурда кеткен чыгымды ойлойсуң. Кудайга шүгүр, тасма чыгымды актады", - дейт ал.

"Айыл кэмп" кинокомедиясында Шайыр Касымалиева, Эркин Нурбаев, Эмил Эсеналиев, Жеңиш Майрамбек уулу, Болот Тентимишов жана башка актёр, актрисалар роль жараткан.

"Айыл кэмп" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mira28
2019-07-20 20:06:40
Дагы бир тузу жок кино кыргыз киносунун катарына кошулуптур да кыскача айтканда.Кыргыздын чыныгы турмушун чагылдырган кино тартылса кызыгып кормокмун мисалы Боз салкын,айыл окмоту,сундук предков,ээнсиреген уй сыяктуу.Кайдан жайдан жасалма суйлогон актерлор,аша чаба монтаждаган боектуу кадрлар,жозунсуз комиктер кыргыздын киносун артка тартып жатат.
+1
Tahmina.Musaeva
2019-07-22 14:09:06
Кино аябай жакты мага. Тааасирдүү болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан