Бокс боюнча эл аралык турнирде Азат Үсөналиев мелдеш өткөрбөй эле жеңүүчү болду

Дагестанда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргыз мушкери Азат Үсөналиев жеңүүчү болду. Мелдеш СССРдин спорт чебери Хажимурад Гамзаевдин жаркын элесине арналган.

16-июлдан 20-июлга чейинки мелдеш Дагестандын Избербаш шаарында болуп, ага Кыргыз өлкөсүнөн Мирлан Түркбай уулу, Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков жана Темирлан Осмонов катышты.

Чүчү кулактын негизинде финалдык беттешке 52 килограмм салмак ченинде Азат Үсөналиев өткөн. Анын атаандашын тандоо үчүн Хасбулат Омаров менен Абдула Салахудинов беттеш өткөрүп, жыйынтыгында эки мушкер тең беттештен четтетилген. Ал эми Азат Үсөналиевдин атаандаштары жок болгондуктан жеңүүчү деп жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elb_2121
2019-07-21 16:16:12
Азат сен азаматт жигитериненсин Кыргыздын коп жерге тааныт дагы кыргыз ким экенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан