Самара Каримова келиндүү болду. "Үлпөт тойду Лейлек, Ош жана Бишкек шаарында өткөрөбүз" дейт ырчы

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын бир тууган иниси Сагынбек Каримов үйлөндү. Ырчы Сагынбек Каримов кечээ, 20-июлда сүйүктүүсү Азизага баш кошкон. Баш кошкон түгөйлөр тууралуу Самара Каримова буларды айтып берди.

"Сагынбек ата-энемди, бир туугандарымды, мени күттүрүп келген көкүрөк күчүгүбүз. Анын үйлөнүп, үйгө келин алып келгенин ата-энем көптөн бери күтүп жүргөн. Атам сыркоолоп жүргөндүктөн Сагынбекке келиндин чайын ичейин, неберелеримди көрөйүн, сүйлөшкөн кызың болсо айт деген. Инимдин сүйлөшүп жүргөнү бар экен. Куда, кудагыйлар жолугуп, сүйлөшүп, каада-салт менен келинди алдык. Эң негизгиси келинибиз акжолтой, кайрымдуу, эл мактаган, көп балалуу бүлө болсун.

Келинибиз Азиза Баткенден болот. Жашы 20да, кесиби боюнча мугалим. Ал эми Сагынбек 21 жашта, музыкант. Экөө тең Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алышат.

Кудайым буюрса, 30-июлда Лейлектеги тойканалардын биринде үлпөт той өткөрөбүз. Атамдын туугандары, достору, катыштарынын көбү Ошто, Бишкекте. Сагынбектин дагы достору көп. Атамдын сунушу менен катыштардын баарын Лейлекке чакырбай эле үлпөт тойду өзүнчө өткөрөлү деп жатабыз. 21-августта Ошто, 26-августта Бишкек шаарында үлпөт той өткөрөбүз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
katerina.li
2019-07-21 14:39:09
Жпкшы кайнеже бол,Самара,келининди кууруп жебей
+11
daniel87
2019-07-21 15:01:03
Кудай сактай кор ,ичи таарлык,Коро албастык ,ичти ,журокту тазарталы ,жашоону суйолу ,барктайлы ,тируулук озу чон майрам замандаштарым!эки жашка жон Гана Бакыт каалап койойлу ,туболугу туз ,келечеги Кен ,кыргызымдын керегине жараган бактылуу уй булоолордон болсун .анан уйдун алдында майда тапичкалар кобойо берсин
-2
Shabi
2019-07-21 15:10:28
Ааай, мен ошко лейлеке Бишкеке дебейле.бир эле тойлук шартым болсо эртен эле уйлонот элем.
+14
Sakubek
2019-07-21 15:35:08
Баткенде да ушундай сулуу кыздар барбы
-7
Jeenbek.
2019-07-21 15:42:49
Самара келиндуу болду десе, Асан экоонун баласы тез эле бойго жетип калыптыр деп койом,жон эле Самаранын иниси уйлондуу деп жазбайсынарбы
+20
surgeon777
2019-07-21 19:24:51
Jeenbek.,Асандын деле балдары чоноюп уйлонуп-жайланып баштаса керек,беш баласынын бир,экоосу.
+8
bond02
2019-07-21 15:57:30
Гастроль той болот экен да э.
+1
Tyty1990
2019-07-21 16:34:46
Самарага койсо Марска да барып той кылгысы келет
+9
karona12
2019-07-21 16:36:29
Бишкектик ырчылар Самара учун эле иштешеби)) той эле бере берет.Болду эми уят кошумча учун ининдин тоюна чакырбай.
+4
Shaki
2019-07-21 19:12:45
Уч жолу эле той болобу, аз го.. Ошко, Бишкеке дебей эле драмтеатрга 19 кун той кылгыда да..
+14
munira-tilen
2019-07-21 19:27:14
Кыдырып акча жыйнагандай еле болуп калыптыр биягы......
+8
Kani-46
2019-07-21 19:33:45
буга эмне анча ичинер ачышты.Той берсе бере берсин силерден акча сурап той кылып атабы.Куру созго эле устасынар
-10
talant87
2019-07-21 21:25:23
(катыштардын) Эмес катташтардын десе болмок - баскандарга
+4
Stervashka
2019-07-22 02:33:59
Бактылуу болушсун, аябай сулуу кыз экен!
-2
Sajakat14
2019-07-22 04:30:20
Аш көп болсо каада көп. Пул болсо эки шаарга өткөрө беришет да.
+2
Elanda
2019-07-22 10:32:46
Аваз менен Нурланды туурап аткан кезинер го э, булардан менин иним кем бекен деп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан