Гурбангулы Бердымухамедов каза болду деген маалыматты Түркмөнстандын элчилиги четке какты.
Тагыраагы, Түркмөнстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги өлкө башчысынын каза болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген. Көп өтпөй эле Түркмөнстандын Орусиядагы элчилиги дагы Гурбангулы Бердимухамедов көз жумду деген кабарлардын калп экенин маалымдады.
5-июлдан тартып 15-июлга дейре эл көзүнө чыкпаган Гурбангулы Бердымухамедовдун каза болгону тууралуу тастыкталбаган маалыматтар тарады. Ал эми "Хроники Туркменистана" басылмасы президент каза болбогонун, ал 10 күндөн бери Германиядагы ооруканалардын биринде оор абалда жаткан апасынын жанында экенин жазып чыкты.