Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо WBA'нын супер чемпиондук курунун ээси болду. Ал бул чемпиондук кур үчүн америкалык Кит Турман менен беттешти.
Беттеш Лас-Вегас шаарында өтүп, 12 раундга созулду. Калыстардын чечими менен Пакьяо бул беттеште жеңүүчү аталды.
40 жаштагы Мэнни Пакьяо үчүн бул карьерасындагы 62-жеңиши. Мындан тышкары анын 7 жеңилүү жана 2 тең чыгуусу бар. Филиппиндик мушкер кезинде 8 салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп саналат.