Кыргыз мушкерлери эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти

Кыргыз боксчулары Орусияда өткөн СССРдин спорт чебери Хажимурад Гамзаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти. 16-июлдан 20-июлга чейинки мелдеш Дагестандын Избербаш шаарында болуп өттү.

Мелдештин алтын медалдарын Азат Үсөналиев 52 килограмм салмак ченинде жана Мирлан Туркбай уулу 49 килограмм салмак ченинде жеңишти.

Өмүрбек Малабеков 60 килограмм салмакта жана Темирлан Осмонов 64 килограмм салмакта күмүш медалдарга ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан