"Салам, Нью-Йорк!" тасмасы аркылуу таанылган актёр Бектемир Мамаюсупов продюсерлик кылган "Шайлоо" тасмасы Лас-Вегаста өтө турган фестивалга катышат. Кыска метраждуу тасма эки наамга көрсөтүлгөн.
"Шайлоо" кыска метраждуу тасмасы Кыргыз өлкөсүнөн эле тартылды. Ага Медербек Жалилов режиссёрлук кылган. Август айынын башында Лас-Вегаста кинофестиваль болот экен. Фестивалга тасмабызды жиберип койгонбуз. Көп өтпөй эле уюштуруучулар тасма катышууга мүмкүнчүлүк алганын, эки наамга көрсөтүлгөнүн айтышты. Виза маселесине байланыштуу тартуучу топ ал жакка бара албайт", - деп билдирди ал SUPER.KG порталына.
Ошондой эле Бектемир Мамаюсупов тасма башка фестивалдарга дагы катыша турганын кошумчалады.