"Sexy, sexy" деген ыры менен ырчы катары таанымал болгон Арман Эсенгожоевдин жубайы көз жарды. Ырчы бүгүн, 22-июлда уулдуу болду.
"Уулубуз таңкы саат 3:45 төрөлдү. Салмагы 3 килограмм 450 грамм, бою 54 сантиметр. Ысымын Ирхан деп койдук. Эне-баланын абалы канааттандырарлык", - дейт ал.
Арман Эсенгожоев 2018-жылы 21-октябрда жубайы Роза менен үйлөнүп, 27-октябрда үлпөт тоюн борборубуздагы тойканалардын биринде өткөргөн. Ырчы мырза менен жубайы Розанын ортосундагы жаш айырмачылык 8 жаш.