Бишкектин жашоочуларына мыйзам бузуулар боюнча салынган айып пулдун көлөмү 1 миллион сомдон ашты

Бишкектин жашоочуларына мыйзам бузуулар боюнча салынган айып пулдун көлөмү 1 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Санитардык-экологиялык инспекция эреже бузуулар кодекси менен иш алып барууда.

Жалпысынан 15-майдан 18-июлга чейин 154 протокол түзүлгөн. Анда көрсөтүлгөн айып пулдардын суммасы 1 миллион 308 миң 500 сом болду. Райондор боюнча:

- Ленин району – 406 миң сом;
- Октябрь району – 346 миң сом;
- Свердлов району – 80 миң сом;
- Биринчи Май району – 292 миң 500 сом.

Айып пулдар шаардын көрктөндөрүү тармагына зыян келтирүү, таштандыны өрттөө, унаа жолдору, көчөлөрдү, темир жолду пайдаланууда тийиштүү эрежелерди бузуу боюнча салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан