Орусияда 17-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта ат оюндары боюнча Евразия чемпиондугу болуп өттү. Анда эки Кыргыз спортчусу ийгилик жаратышты.
Конкур боюнча эң башкы "Гран-при" мелдешинде Кармен аттуу аты менен Камиль Сабитов жеңүүчү аталды.
Ошондой эле ат чабышта Чыңгыз Иманалиев Ак Таноо аргымагы менен 120 чакырымдык жарышта биринчи орунду ээлеген. "Бул Евразия чемпиондугун көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Даярдыктарды жүргүзүп жаттык. Мелдештерге эң күчтүү делген аргымактарыбызды алып келгенбиз", - деди ал.