Ысык-Көлдө эртең, 24-июлда Кыргыз өлкөсүнүн кум үстүндөгү волейбол боюнча 2-турдук оюндары өтөт. Волейбол федерациясы билдиргендей, кыз-келиндер жана эркектер арасында жалпы 26 команда күч сынашат.
Кум үстүндөгү волейболдун 1-турдук оюндары 26-28-июнь күндөрү өтүп, анда эркектер арасында "Улар", кыз-келиндер арасында "Салам-Алик" жеңүүчү болгон.
Чемпиондук 3 турдан турат. Бул оюндарда эң көп упай топтогон команда чемпион аталат.