КҮНСОБОЛ: Кыргыз-Тажик чек арасында улам чыгып жаткан чырлардан алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Артур Медетбеков "Чек ара маселесин чечүүдө тараптар бири-бирине үстөмдүк кылбай, шарттарына көнүшү керек" деди

22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Анда курал колдонулуп Кыргыз жана Тажикстандын 20дан ашык жарандары жаракат алышты. Тажикстандын чек ара кызматы бир адам октон каза болгонун билдирди. Бул Кыргыз-Тажик чек арасындагы аймакта жашаган элдин ортосундагы жаңжал биринчи жолу эмес. Эки өлкөнүн өкүлдөрү бир нече ирет сүйлөшүү жүргүзгөнү менен чек арадагы чыр кайталанууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында дагы жаңжал орун алды. Чек арада улам чыгып жаткан чырлардан алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?" деген собол салды.

МЕДЕТБЕКОВ: "Чек ара маселесин чечүүдө тараптар бири-бирине үстөмдүк кылбай, шарттарына көнүшү керек"

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков чек ара маселесин тез арада чечпесе жаңжалдар көбөйө берет деген пикирин айтты.

"Биринчиден чек арадагы жаңжалдын алдын алуу үчүн эмне кылуу керектигин 20 жылдан бери эксперттер, депутаттар, чиновниктер айтып келе жатышпайбы. Чек араларды тактоо, аныктоо иштери бүтмөйүнчө буга окшогон жаңжал чыга берет. Экинчиден ошол жердеги жергиликтү элге алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чек арачыларга шарттарды түзүү зарыл. Шарт жакшы болсо чек арачылардын чек араны сактоого, коргоого мамилеси жакшы болот. Үчүнчүдөн, чек ара маселелерин өзгөчө түштүк аймагындагы анклавдарды убагында биз саясат, экономика жагынан шалаакылык кылып койгонбуз. Бүгүнкү күндө экономика, саясатты ойлоп чек арада иш аракеттерди жүргүзүү кажет. Төртүнчүдөн маселени чечүүдө эки мамлекеттердин бийлик башында тургандардан эрктүүлүк талап кылынат. Анда бири-бирине үстөмдүк кылбай, сөздөрүн угуп, жардам берип, чек араны тактап жатканда бир метр аларга кетсе, бир метр бизге кетсин. Бири-биринин шарттарына көнүш керек. Тилекке каршы эч ким ордунан жылгысы келбей жатат. Бул маселени көк беттикке салганда эч нерсе чечилбейт. Жаңжалды саясатка айланткысы келгендер болууда. Чек арадагы кырдаалды жеке эле биз эмес, башка өлкөдө байкагандар көп болуп турат. Маселени тез арада чечпесе чакан конфликттер көбөйө берет", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан