Бишкектеги Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасына "Манас" эл аралык аэропортунун кызматкерлери уулангандарын айтып кайрылышкан. Маалыматты оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктап, буларды билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер ооруканага 20-июлдан баштап кайрыла баштаган.
"Жалпысынан 9 адам кайрылып, алардын экөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 7 адам ооруканага жаткырылган. Учурда абалдары туруктуу. Бейтаптар бүгүн, 23-июлда үйлөрүнө чыгышы мүмкүн. Алар ууланган күнү салат жана компот ичишкен", - деди Аалиев.