Депутат Рыскелди Момбеков: "Өкмөттү отставкага кетирүү керек! Разаков буга чейин жазган арызынын негизинде эле кете берсе болот". КҮНСОБОЛ

22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Анда курал колдонулуп Кыргыз жана Тажикстандын 20дан ашык жарандары жаракат алышты. Тажикстандын чек ара кызматы бир адам октон каза болгонун билдирди. Кыргыз-Тажик чек арасындагы аймакта жашаган элдин ортосундагы жаңжал биринчи жолу эмес. Эки өлкөнүн өкүлдөрү бир нече ирет сүйлөшүү жүргүзгөнү менен чек арадагы чыр кайталанууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында дагы жаңжал орун алды. Чек арада улам чыгып жаткан чырдын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?" деген собол салды.

МОМБЕКОВ: "Өкмөттү отставкага кетирүү керек! Разаковду буга чейин жазган арызынын негизинде эле кетирсе болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул маселенин ырбап жатканына түздөн-түз өкмөт күнөөлүү деген пикирде.

“Эмне кылуу керек дегенде Өкмөттү отставкага кетирүү керек деп айтат элем. Себеби мындан аз убакыт мурун гана бул маселе курчуп кетип, чек ара маселеси боюнча өкмөттүн чабал аракеттери сынга алынган. Жогорку Кеңеште бул маселе жабык эшик артында каралып, бир топ сунуштарды киргизгенбиз. Бирок алар эске алынган жок, ошол иштерди алгылыктуу аткаруунун ордуна бүгүн экинчи ирет жаңжал чыгып, эки мамлекеттин ортосундагы бул маселе оорлоп кетти. Буга түздөн-түз өкмөттү күнөөлөйт элем.

Ошол кезде деле Өкмөттү кетирүү маселеси көтөрүлгөн болчу. Бул маселени жөнгө сала албаган Жеңиш Разаков өзү отставкага суранса жакшы болмок. Буга чейин чыккан жаңжалда анын жоопкерчилиги каралышы керек деп комитеттин, комиссиянын чечимдери чыккан. Бирок убактылуу токтотуп коюшкан, азыр айта турган болсом Разаков ошол кезде кырдаалды жөнгө сала албагандыгы үчүн арызын жазып койгон экен. Бирок "ачуулукка алдырбаңыз" деп жоошутуп коюшкан экен. Азыр ошол арыздын негизинде эле отставкага кетире берсе болот”, - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан