22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Анда курал колдонулуп Кыргыз жана Тажикстандын 20дан ашык жарандары жаракат алышты. Тажикстандын чек ара кызматы бир адам октон каза болгонун билдирди. Бул Кыргыз-Тажик чек арасындагы аймакта жашаган элдин ортосундагы жаңжал биринчи жолу эмес. Эки өлкөнүн өкүлдөрү бир нече ирет сүйлөшүү жүргүзгөнү менен чек арадагы чыр кайталанууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында дагы жаңжал орун алды. Чек арада чыгып жаткан чырдын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?" деген собол салды.
МАДУМАРОВ: "Чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу сабаттуу инсандардын колунан келе турган иш"
Саясатчы Адахан Мадумаров чек арадагы жаңжалдан кийин Кыргыз жарандарынын башка жакка көчүрүлүшүнө жол берген бийликти сынга алды.
"Бардык нерсени алдын алса болот. Алдын алуу үчүн келечегин көрө билиши керек. Бизде чек аранын кайсы жеринде кандай маселе көтөрүлөт, жазда, кышында кандай нааразычылыктар айтылат 20 жылдын ичинде баарын 5 колдой билип калыш керек эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө аны билген сабаттуу бийлик жок. Жалаң "менин партиямдан, сенин партияңдан" деп алып келип, соодагерчилик менен кызматка койгон сабатсыз кызматкерлердин кесепетинен ушундай болуп жатат. Бул жеткен алсыздык. Мына азыр "350гө жакын элди Баткен тарапка көчүрдүк" дешет. Өзүнүн жеринен аларды эмнеге көчүрөсүң? Анан дагы чоң жетишкендик катары миграция кызматы "4 чатыр бердик" дейт. Эмнеге мынчалык маңкурт, алсыз болдуң? Кыргыз бийлигинде бул деңгээлдеги сабатсыздык болгон эмес. Чет өлкөлөр менен, болгондо да кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзгөндө абдан сабаттуулук, тажрыйба керек. Башкалар тажрыйбалуулугу менен кыргыз бийлигиндегилерди канчалык алсыз, сабатсыз экенин бир сөзүнөн билип коюп жатат. Адам өзүнүн сырын алдырып койгондон кийин эч качан күчкө ээ болбойт. Бүгүнкү күндө Кыргыз бийлиги бүтүндөй сырын алдырып бүттү. Ошонун кесепетинен башаламандык болуп жатат. Ал жерге барган вице-премьер эмнени билет? Ал жакка барган адам эл тарабынан ишенимге ээ болушу керек. Чыр-чатактардын алдын алуу сабаттуу инсандардын колунан келе турган иш. Жыл бою сугат башталганда ошол жерде жаңжал башталат. Жер-жемиштерди ташыганда дагы башталат. Жыл сайын болуп жаткандан кийин алдын ала иш кылыш керек. Туура багытта иш жүргүзө ала турган, тажрыйбалуу жетекчилердин жок болуп жаткандыгы Кыргыздын эң чоң кайгысы болууда", - деди ал.