22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Анда курал колдонулуп Кыргыз жана Тажикстандын 20дан ашык жарандары жаракат алышты. Тажикстандын чек ара кызматы бир адам октон каза болгонун билдирди. Бул Кыргыз-Тажик чек арасындагы аймакта жашаган элдин ортосундагы жаңжал биринчи жолу эмес. Эки өлкөнүн өкүлдөрү бир нече ирет сүйлөшүү жүргүзгөнү менен чек арадагы чыр кайталанууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында дагы жаңжал орун алды. Чек арада чыгып жаткан чырдын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?" деген собол салды.
ОРОЗОВА: "Бул маселени катуу көзөмөлгө албаса Ак-Сайдан кеткен түз коридор тосулуп калат да, Лейлек району, Сүлүктү шаары барымтада калат"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Кыргыз өлкөсү чек ара маселесин чечүүдө каражатты аябашы керек деген пикирде.
"Ар бир мамлекет үчүн көйгөйлөрдүн орчундуусу болуп мамлекеттин өзүнүн чек арасын бекемдеп алышы. Бул маселени чечүү көп каражатты талап кылат, анда чек араны тактоо, бекемдөө, сүйлөшүү, карталар менен изилдөө да кирет. Бирок канча каражат талап кылбасын, бул маселени чечүүдө каражатты аябашыбыз керек.
Баса белгилеп айта турчу нерсе, чек ара жаңжалдарын алдын алуу үчүн чек араны аныктап, тактап алып туруп анан башка иштерди кылуу керек. Мен буга чейин да бул маселени көтөрүп келгем. Курулуш болобу, башка иштер болобу 1 жылга мораторий киргизели, курулуш токтоп турса эч нерсе болбойт, кийин деле кура беребиз. Ал эми чек араны карабай токтотуп койсок, тынчтык болбойт.
Кыргыз жеринде, өзгөчө Баткен чөлкөмүндө кен-байлыктар көп, ал эми кошуна мамлекетте жер тар, өсүү, төрөлүү өтө көп. Ак-Сайдын өйдө жагында Ворух айылы жайгашкан. Бул маселени катуу көзөмөлдөбөсөк утулуп калышыбыз толук мүмкүн. Андай боло турган болсо Ак-Сайдан кеткен түз коридор тосулуп калат да Лейлек району, Сүлүктү шаары барымтада калат. Мындан сырткары, Баткенди сугарып турган Төрт-Көл суу сактагычынан да кур калабыз. Учурда бул көйгөй мамлекет башчынын деңгээлинде чечиле турган маселе болуп калды.
Жаңжал чыккан аймакка жооптуу жетекчилерди, атайын түзүлгөн комиссияны, штабды алып барып отургузуу керек. Анан талаага чөп чыкканда же көчөгө эл чыкканда барып, элди алдап кайра киргизип койгон туура эмес. Каржыны чек арадан аябашыбыз керек", - деди Орозова.