Көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Манас Ниязов АКШга чакыруу алды. Ал көк бөрү боюнча Америка курама командасын машыктырууга жардам берет.
"Кыргыз өлкөсүнүн көк бөрү боюнча курама командасынын оюнчусу Манас Ниязов АКШга чакыруу алды. Бул дагы көк бөрүнүн өнүгүүсүнө, дүйнөгө таралышына дагы бир чоң кадам", - деп билдирет Көк бөрү федерациясы.
Америка курама командасы көк бөрү боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып келет.