Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Азия футбол конфедерациясынын аткаруучу комитетинин чечими менен АФКнын социалдык жоопкерчилик комитетинин башкармалыгынын орун басары болуп бекитилди.
АФКнын социалдык жоопкерчилик комитети - бул АФКдагы туруктуу комитет. Социалдык жоопкерчилик комитети АФКнын негизги жана маанилүү бөлүмдөрүнүн бири.
"Сиздин тажрыйбаңыз, профессионалдуулук жана колдооңуз жаңы кызматта АФКнын өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем. Жаңы кызматыңыз менен куттуктайм жана сиз менен иштешүүдөн көптү күтөм", - деп жазган АФКнын башкы катчысы Дато Винздор Канатбек Маматовго куттуктоо катында.
Канатбек Маматов - Азия футбол конфедерациясынын аткаруучу комитетинин мүчөсү. Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) Конгрессинде аталган уюмдун бардык мүчөлөрү колдошкон. Канатбек Маматов бул уюмга кирген 6 өлкөнүн кызыкчылыктарын көрсөтүп жана коргоп келет.