Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" аталышындагы клиби "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" чыгармасы кошулду.

10-ИЮЛДАН 17-ИЮЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Фарида Карбосованын "Ашыгам" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" композициясы камсыздады.

8-орун - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" клибине буюрду.

7-орунду - Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" аталышындагы чыгармасы камсыздады.

6-орунду - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясы ээледи.

5-орунда - Асел Кадырбекованын "Телефон" видеоклиби жайгашты.

4-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасы багындырды.

3-орун - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Анжеликанын "Айта берем" аталышындагы клиби ээледи.

1-орун - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан