Кыргыз ырчылары Урмат Усенов, Неля жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өткөн фестивалга катышып келди. Аталган музыка фестиваль 20-июлда болуп, ага КМШ өлкөлөрүнүн ырчылары, музыкалык топтору катышкан. Фестиваль "Бактылуу көз ирмем" деп аталат.
"Бул фестиваль сууда сүзүү боюнча чемпионатынын алкагында өткөрүлдү. Музыка фестивалына Өзбекстандын "Ялла", Орусиянын "MBAND" топтору жана башка ырчылар катышты. Биз дагы өзүбүздүн маданиятыбызды, музыкабызды татыктуу деңгээлде көрсөтө алдык деп ишенем.
Музыка фестивалында концерттик программадан тышкары Кореянын маданиятын, экономикасын таанытууга багытталган экскурсия болду. Иш-чаранын уюштуруучу тобуна ыраазычылык билдиребиз. Бул фестиваль кийинки жылы дагы өтөрү күтүлүүдө", - дейт Урмат Усенов.
Фестивалдын максаты - КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту чыңдоо.