Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти. Атамбаев өз сөзүндө эртең кечки саат 19:00дө Кыргыз өлкөсүнө кайтып келерин айтты. Учурда анын кайтып келиши боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү пикирлер айтылууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын “Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлойсузбу?” деген соболуна экс-депутат Бактыбек Калмаматов жооп берди.
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов Кыргыз өлкөсү өз алдынча мамлекет экендиги, эгемендүүлүгү күмөн болуп калды дейт.
"Атамбаевдин Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасынан Орусияга учуп кетиши саясий кырдаалды кескин өзгөрүүгө алып келди. Башкача айтканда, өлкөнүн эгемендүү саясатка ээ экенине күмөн жаралды. Тагыраагы, башка мамлекеттер биздин ички саясатка түздөн-түз кирише баштады деп түшүнсөк болот.
Кыргыз мамлекети, анын ичинде биздин ички саясатка көз салып турган дүйнө мамлекеттеринин алдында ыңгайсыз абалда калдык. Башкача айтканда, өз алдынча эгемендүү мамлекет экенибиз күмөн болуп калды. Атамбаевдин учуп кетиши саясий кырдаалдын кескин өзгөрүшүнө алып келди", - деди Калмаматов.