Беш жылдан бери шоу-бизнес чөйрөсүнөн алыстап, дайынсыз болуп кеткен ырчы Даниель сахнага кайтты. Бул тууралуу ырчы Асел Касымова кыска видео тартып социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
Анда Асел Касымова көп убакыттан бери дайынсыз болуп жүргөн Даниелди тойдон кезиктиргенин, ал чыгармачылык карьерасын улантайын деп жатканын айткан.
Ал эми Даниель ырчы айымдын сөзүн толуктап буларды айткан.
"Баарыңарга салам! Кудай буюрса, чыгармачылыгымды улантайын деп турам. Мен 5 жыл бою ырдабай, сахнадан көрүнбөй кеттим. Бирок мени уга турган, күтүп жүргөн күйөрмандарым бар болсо керек", - деген ал.
Көп убакыт өтпөй эле Даниель Инстаграмдагы жеке баракчасына билдирүү калтырган.
"5 жыл аралыгында күйөрмандарым менин чыгармачылыгымды унутуп калса керек деп ойлогом. Бирок сиздер мени менен экенсиздер. Баарыңарга рахмат! Жакында жаңы ырларым, идеяларым менен кубантам. Менде баары жакшы. Жакшы көрөм", - деп жазган.