Өкмөт башчы: "Жарандар санариптештирүүнүн чыныгы пайдасын сезиши үчүн бардык мекемелерди интернет менен камсыз кылуу керек"

Ар бир мектеп, почта бөлүмү, медициналык жана кызмат көрсөткөн башка мамлекеттик мекемелер интернет менен камсыз болуп, элге электрондук форматта кызмат көрсөтүүсү зарыл. Ошондо гана жарандарыбыз мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн чыныгы пайдасын сезе алышат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

"Дүйнөдө санарип маселеси мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө катуу таасирин тийгизип жатат. Эгер биз азыр бул маселеге тиешелүү көңүл бурбасак, кийин кеч болуп калат. Санариптештирүү бир гана мекеменин же ведомствонун маселеси эмес. Бул долбоор ар бирибизге тиешелүү экенин унутпашыбыз керек. Азыр ар бир жарандын колунда телефону жана интернети бар. Ошондуктан бардык мамлекеттик кызматтар эл үчүн дайыма кандай жерде болбосун, ар убак жеткиликтүү болушу керек. Алыскы аймактардын жана айылдардын тургундары мамлекеттик кызматтарды алуу жеңилдеп калганын сезиши зарыл. Ал үчүн өлкөнүн аймактары кеңири форматтагы интернет менен камсыз болушу кажет", - деди премьер-министр.

Санарип процессин активдештирүү жана өнүктүрүүнү тездетүү максатында өкмөт 6 мамлекеттик ишкананы түздү, алар: «Түндүк», IТ-ГНС, «Транском», «Инфосистема», «Укук» жана «Соцсервис».

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров буга чейин «Санариптик Кыргызстан» концепциясы кабыл алынып, аны жүзөгө ашыруу үчүн «Жол карта» иштелип чыкканын кабарлады.

Анын айтымында, «Жол картасында» долбоордун негизги багыттары камтылган: санариптик мамлекеттин өнүгүшү, санариптик экономиканын өнүгүшү, санариптик жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү, киберкоопсуздукту камсыз кылуу, санариптик трансформация концепциясынын аткарылышын башкаруу.

Кубаныч Шатемиров билдиргендей, долбоордун алкагында интернетке кошула турган мектептердин жана бир катар социалдык объекттердин тизмеси түзүлгөн, алар жыл аягына чейин интернетке кошулат.

Мухаммедкалый Абылгазиев санариптешүү программасына Дүйнөлүк банк тарабынан 50 миллион доллар, республикалык бюджеттен 500 миллион сом бөлүү каралганын эске салды.

Өкмөт башчы санариптештирүүнүн алкагында коюлган милдеттердин маанилүүлүгүн эске алуу менен белгилегендей, ар бир айыл өкмөт же райондун башчысы санариптештирүүнүн маңызын билүүгө, биз кайсы багытта бара жатканыбызды жана бул долбоордун алкагында коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керектигин түшүнүүгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан