Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы тандап алуу оюндарысыз эле 2020-жылкы Азия чемпиондугуна өттү. Футбол федерациясы билдиргендей, бүгүн, 25-июлда Куала-Лумпурда Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын чүчү кулагы өттү.
Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсү В тайпасына түшкөн. Бул тайпага Иран жана Түркмөнстан бөлүндү. Тайпадан 2 команда финалдык баскычка өтө алат. Түркмөнстан Азия чемпиондугун тосуп алчу команда болгондуктан, тайпадан Иран менен Кыргыз өлкөсү автоматтык түрдө чыгышат. Бул тайпадагы оюндар кандай жыйынтыкталбасын 3 команда тең финалдык баскычта ойношот.