27-июлдан 3-августка чейин Ош, Жалал-Абад, Баткендин аймактарында абанын температурасы жогорулап, +41 градуска жетет. Мындай маалыматты бүгүн, 25-июлда Кыргызгидрометтен билдирди.
Ал эми Чүй өрөөнүндө 27-июлдан 29-июлга чейин жана 1-августтан 3-августка чейин абанын температурасы +37... +39 градуска жетери күтүлүп жатканы маалымдалды.
Буга чейин Кыргызгидромет 26-июлдан 29-июлга чейин республиканын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы +38... +40 градуска жетери күтүлүп жатканын маалымдаган.