2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, сынак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине дем берүү максатында уюштурулган.
Сынактын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:
Биринчи топтун арасынан:
I орун 1 500 000 сом байге фонду – Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү;
II орун 1 000 000 сом байге фонду – Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү;
III орун 500 000 сом байге фонду – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү;
Экинчи топтун арасынан:
I орун 1 500 000 сом байге фонду – Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү;
II орун 1 000 000 сом байге фонду – Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү;
III орун 500 000 сом байге фонду – Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтү.