Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулунун M-1 Global`дагы беттеши качан болору аныкталды

Белгилүү мушкер Бусурманкул Абдибаит уулунун M-1 Global`дагы кезектеги беттеши качан болору белгилүү болду. Аталган уюм 30-августта Бусурманкул Абдибаит уулу украиналык Андрей Лежнев менен кез келерин билдирди.

Буга чейин бул беттеш 20-июлда Ингушетиянын Таргим шаарында M-1 Challenge 103: Battle in the Mountains 8 турниринин алкагында өтмөк. Бирок турнир Ингушетияда болуп жаткан административдик өзгөрүүлөрдөн улам жылдырылган.

Лежневдин карамагында 18 жеңиш жана 8 жеңилүү бар. Бусурманкул уулу 11 жеңиш, 2 жеңилүү жана 1 жолу тең чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2019-07-26 12:40:49
Буся ийгилик!!! Аллахым буйруп келечекте М-1 менен UFC куру буйрусун сага.
0
duyshon.kg
2019-07-26 21:37:59
Кызыл баш алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан