Бүгүн Борбор Азия Кубогунун алкагында Кыргыз өлкөсү Ооганстан менен ойнойт

Бүгүн, 26-июлда футбол боюнча 16 жашка чейинки Кыргыз курама командасы Борбор Азия Кубогунда алгачкы беттешин өткөрөт. Анда Кыргыз футболчулары Ооганстан менен ойнойт.

Аталган оюн Дүйшөмбү шаарынын Борбордук стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Борбор Азия Кубогуна жалпы 6 команда катышат. Кыргыз футболчулары үй ээлери, Иран, Өзбекстан, Ооганстан жана Түркмөнстан менен күч сынашат. Мелдештин жобосуна ылайык, бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгышат.

1-турдук оюндар, 26-июль

19:00. Түркмөнстан - Иран

19:00. Ооганстан - Кыргыз

21:30. Тажикстан - Өзбекстан

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
barsbegKG
2019-07-26 12:40:45
Кайсы өлкөлөр бара толук жазгыл сураныч
-1
Эльвира Караева
2019-07-26 15:04:20
barsbegKG, кабарда жазылып турат, баары 6 команда деп, андан ары кайсы өлкөлөр экени...
0
Gisi
2019-07-26 16:18:40
barsbegKG,Үй ээлери деген бул Тажикистан
0
interpol
2019-07-26 13:15:34
Слабый командага туш болуптур го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан