"Эмне үчүн биздин ишти кароону шаштырып жатасыздар? Бул деген саясий буйрук. Орозо айында өзүңүздөрдүн гана кызыкчылыгыңарды эмес, бизге да көӊүл буруңуздар",- деди айыпталуучу депутат Талант Мамытов бүгүн Жогорку Соттогу отурумда. Мамытовдун жактоочусу Искендер Журабаев сот отурумун ачык камсыз кылууну суранып "сыртта айыпталуучулардын туугандары залга кире албай турушат. Сот залында отургандардын тежарымы укук коргоо кызматкерлери",- деди. Учурда сот ишин кароону башка күнгө жылдыруу өтүнүчү кайрадан айтылууда.