Кыргыз мушкери Рафаель Физиев бутун сындырып алганына байланыштуу 10-августта Уругвайда өтө турган UFC on ESPN 14 турнирине катыша албайт.
Аталган турнирде ал бразилиялык Алекс да Силва менен кез келмек. Физиев ушул жылдын 22-апрелинде UFC`де алгачкы беттешин өткөрүп, орусиялык мушкерге жеңилип калган эле.
Бул күнү Монтевидео шаарындагы турнирдин негизги беттешинде Валентина Шевченко чемпиондук курун америкалык Лиз Кармушка каршы коргойт.